super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Айрым министрлердин орун басарлары чет мамлекетке иш сапары менен барганда учакта бизнес-класс менен учушат экен"

 

“Кээ бир министрлердин орун басарлары чет мамлекетке иш сапары менен барганда учакта бизнес-класс менен барышат экен”, - деп бүгүн, 24-майда парламентте “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Ал кайсы каражатка алар бизнес-класс менен барып жатканын Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети карап чыгышы керек экенин айтты.

“Эгерде бюджеттин эсебинен барып жатышса аларга ким укук берди бизнес класс менен учканга? Бул боюнча жакшы көңүл бурулбай жатат. Расмий маалымат боюнча 2016-жылы Экономика министрлиги 205 жолу чет мамлекетке иш сапары менен барган. Ал эми Бажы кызматы 150 жолу барган экен. Маселени карап чыгуу керек”, - деди ал.

Парламентте Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: