Чүй районунда Бурана дарыясынын суусу 1 гектарга жакын кызылча менен жүгөрү себилген айдоону каптады








Чүй облусунун, Чүй районунда 24-майда болгон катуу жаан-чачынга байланыштуу, Ак-Бешим айыл өкмөтүнө караштуу Чүй мектеп интернат айылындагы Бурана дарыясында жайгашкан көпүрөнүн жээктерин суу жеп, 1 гектарга жакын кызылча менен жүгөрү себилген айдоо аянттарын суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 8:10до суунун жээгин бекемдөө иштери башталды.
"Көпүрөнүн жээктерин калыбына келтирүү үчүн Чүй райондук суу чарба башкармалыгынан 1-даана погрузчик, Чүй облустук суу чарбалыгынан 1-даана экскаватор, Жолду эксплуатациялоо бөлүмүнөн 1 даана автокран жана 1-даана Хово тартылды", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Lakyas

24.05.2017. 13:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын нелер болуп жатат тооба
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.