super.kg logo

Камчы Көлбаев боюнча өтүп жаткан сотто күбөнүн жазган билдирүүсүн судья окуп берди

 

14-майда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги сот иши уланууда. Сот ишине төрагалык кылуучу Абдыразак Боронбаев отурумга келбеген күбө Улукбек Бегешбековдун билдирүүсүн окуп берди. Бегешбековдун билдирүүсүндө, Камчы Көлбаевдин агасы жана жабырлануучу катары каралып жаткан Бакыт Бекбоевди 2009-жылдан бери тааный турганын, Медер Кожакметов аттуу адам Бакыт Бекбоевге карызын бербей жатканын айткан. Мындан улам Камчы Көлбаевге Б.Бекбоев жардам сурап кайрылганын билдирген. 

“2010-жылы мен тааныш адам менен жолугуп калдым. Ал мага Бекбоев ооруканада жатканын айтты. Ооруканага барганымда Бакыт мага “Көлбаевдин тобундагы Чыңгыз аттуу бала жана башкалары мени Ысык-Көлдүн бир аймагына алып барып, сабап, 200 доллар акча талап кылышты деди”,- деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: