super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-МАЙ: 161 жыл мурда саякатчы Чокан Валиханов Каркыра суусун бойлоп Ысык-Көлгө келген

 

Саякатчы Чокан Валиханов 1856-жылы 24-майда Каркыра суусун бойлоп Ысык-Көлгө келген. Ал жердин өзгөчөлүгү жана Кыргыз урууларынын абалы, алардын ич ара мамилелери туурасында баяндап, бугу манаптары жана подполковник Боромбай Бекмуратов, Муратаалы Бекназаров, Казыбек Шералин, Карач бий, Тилекмат бий менен жолуккандыгын кабарлаган. Валиханов "Манас” эпосун өз атынан атап, ага көркөм чыгарма катары мамиле кылып, эл турмушунан алган орду менен маанисин баалаган, чыгарманы тарыхый-адабий талдоодон өткөрүп, каармандарына мүнөздөмө берген, тексттерин кагаз бетине түшүрүп, башка тилге которгон биринчи окумуштуу болгон.

24-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: