super.kg logo

Депутат Жанар Акаев Венгрияга ЖОЖго өтүү үчүн сынак адилетсиз болгондугу тууралуу далилдерди айтты

 

Депутат Жанар Акаев Венгрияга ЖОЖго өтүү үчүн сынак адилетсиз өткөндүгү тууралуу далилдерди айтты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда эл өкүлү социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, жалпысы 118 талапкер документ тапшырган. Бирок бир дагы талапкер менен тандоо комиссиясы же Билим берүү жана илим министрлиги аңгемелешүү өткөргөн эмес. Англис тилин билүү деңгээлин текшерген эмес. “Мага далай ата-эне, талапкер кайрылды. Англисче билет деген сертификатты азыр ар ким алып, тиркетип коё алат. Демек, бирөө 13 тил билем деп жазып койсо, ал окууга тандалып калабы? Же сүрөтүнө, боюна карап эле тандап коюшабы? Комиссияга 25 гана адамдын тизмеси берилген, алар бекитип койгон, калган 100дөй адамдын документин эмнеге карашкан эмес? Венгриянын өзүнө катталып, документиңди министрлик аркылуу жибер, күтөбүз деген жоопту алгандар да бар. Кийин министрлик сиздин документти жиберген жок деп кат алышкан. Бир талапкерди болсо, сиздин документиңизди чакыртып алды министрлик деген жооп келген”, - деп жазган.

Ошол эле учурда ал кесиптеши депутат Мурадыл Мадеминовдун "Жанардын тууганы өтпөй калса керек, чычалап жатат, менин кызым онлайн экзамен берген" деп айтканы боюнча жооп айткан. “Мен тууганымды мындай жол менен окууга жиберүү түшүмө да кирбейт, бул биринчиси, экинчиден онлайн сынак али боло элек, калп окшошпой калды бул жерде”, - деп билдирген.

Эске салсак, буга чейин 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев Венгриянын жогорку окуу жайлары бөлгөн бекер орунга жалаӊ чиновниктердин балдары өткөнүн айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
24.05.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жанар, азамат! Ушунун артынан түшүп бир жыйынтык чыгарсаң жакшы болот эле.
24.05.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
120 кой деп есептен жанылып калыптырбыз туугандар 119 еле кой бар екен. Жанар елдин уулу
24.05.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жанар азаматсын!Ар дайым чындыктын,акыйкаттын адамы болуп журо бер.Ушундай жаштарды коруп,эртенкиге бир аз болсо да умут артасын.
24.05.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушулардан туз эфирде сынак алыш керекда ошондо жанагы чоңдордун балдары өздөрү келишпейт уят болорун билет.
24.05.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жанар элдин уулу! Азамат! Келечек үчүн күйгөн азаматтар көбөйсүн.
24.05.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанар Акаев молодец чыныгы жигит.эл учун иштейт.
24.05.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Жанар.Ал эми Мадеминовтун кыншылаганынын жону бар,болбосо шефтери куйругун бурап коет.Эми кошаматчылыгына кызынын сынагын кошуп эмне кылат.
25.05.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Жанар элдин уулусун сен
25.05.2017. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиновниктин балдары кетпегенде анан ким кетет эле??карапайым уй булоонун баласы билими татыктуу болсо да кыргызстанда калып кетип жатат..
25.05.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2003-жылы мен дагы чет мамлекетке окууга өтөнүмө карабастан барбай калгам, менин документтеримди жибербей башка бир чиновниктин баласынын документин жиберишиптир,бизге бул жактан так маалымат беришкен эмес. Чет мамлекеттеги университеттен жооп алганмын, документтериң келген жок деп. Ошондон кийин гана-ооба чиновниктин баласы кетип жатат,кийинки жылы сени жиберели 1 жыл күтүп тур-дешкен.
25.05.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Политех, КМУ,БГУ жыл сайын Англия,Германияга,Кытайга студенттерди алмашуунун негизинде 3-4 студент жөнөтчү, анда деле ошол эле көрүнүш.
Ак Үйгө да келчү ошол сыяктуу чакыруулар, экзаменсиз эле өз балдарын жиберишчү.
25.05.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз Жанар байке!
Сизге окшогон элдин уулдары кобойо берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: