super.kg logo

Аскат Мусабеков жандуу үндүн коштоосунда күйөрмандарына жеке концертин тартуулады (фото)

 
Аскат Мусабеков жана Гүлнур Асанова
Ырчынын ата-энеси
Токтобек Асаналиев

Кечээ жана бүгүн, 23-24-май күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Аскат Мусабеков жандуу үндүн коштоосунда жеке концертин тартуулады. Ырчы концертин сахнадагы 10 жылдыгына карата өткөргөнүн айтты.

Концерт театралдаштырылган көрсөтүү менен башталып, анда Аскат Мусабековдун балалыгы, студент кези, кыялдары көркөм окуунун коштоосунда баяндалды.

Ырчы "Оп майда" элдик ырын, "Аруузатым" чыгармасын жана башка ырларды Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин коштоосунда ырдап, ал номерлер эл тарабынан жылуу кабыл алынды. Ошондой эле ырчынын комуздун коштоосундагы "Мунарым" ыры көрүүчүлөрдүн жүрөктөрүн багындырды. Мындан сырткары концерттин жүрүшүндө Аскат Мусабеков алпаруучу Алтынбек Кыдыралиев менен бирге белгилүү акындардын ырларын көркөм окушту. Кечеге ырчылар Токтобек Асаналиев, Гүлнур Асанова жана башкалар катышып, өнөрлөрүн тартуулашты.






Аскат Мусабеков - "Айданек"

"Аруузатым"

"Оп майда"

"Мунарым"

Аскат Мусабековдун 10 жылдык концертинде өмүр баяны көрсөтүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
25.05.2017. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унунузго береке!!! Сиздин талантынызды сыйлаймын
25.05.2017. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Фонограмма менен ырдаган ХХХ Сиздер да жандуу ун менен ырдасанар!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-25 09:23:07
25.05.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аскат байке да Гулнур Эже да талантту жонокой инсандар ишиниздерге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: