super.kg logo

WannaCry хакердик чабуулунан жабыркагандардын чыгымы 1 миллиард доллардан ашты

 

Жакын арада Windows операциондук системге болгон хакердик чабуулдан жабыркагандардын чыгымы жалпысынан 1 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу McClatchy маалымат агенттиги америкалык эксперттерге шилтеме берүү менен жазып чыккан.

Алардын айтымында, 12-майда башталган кибер чабуулда колдонулган компьютердик вируска 150 өлкөдө 300 миңден ашуун компьютер кабылган. Муну менен бирге, америкалык адистер хакерлер ушундай эле иш-аракеттерди дагы кайталашы мүмкүн экенин белгилешкен.

"WannaCry вирусу алгачкы 4 күндүн ичинде 1 миллиард доллардан ашуун чыгым алып келген, анын айынан дүйнө жүзү боюнча ири өндүрүштүк уюмдар да өз ишин токтотушкан", - деген KnowBe4 компаниясынын башчысы Стью Сьюверман.

Өзүлөрүн Shadow Brokers деп атаган хакерлер тобу "АКШнын улуттук коопсуздук агенттиги хакердик чабуул үчүн иштеп чыккан программасы" деп, программалык камсыздоо жарыялашкан. Адистердин ою боюнча, алар ошол эле программаны жакшыртып, WannaCry вирусун иштеп чыгышкан.

Эскерте кетсек, вирус колдонуучуларга 3 күндүн ичинде талап кылынган 300 долларды төлөшпөсө, бааны 2 эсе көбөйтүү менен коркутуп, эгер 7 күндүн ичинде которушпаса, бардык файлдарды өчүрүп салуу менен коркутары белгилүү болгон. Эксперттердин маалыматы боюнча, хакерлердин эсебине 302 которуу болгон, жалпысынан 116 миң 500 доллар которулган.

Ал эми Кыргыз жергесинде бул вирустук программадан жабыркагандар каттала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.05.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хакер болуш керек эле
25.05.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хакер болсоң талтаңдайсын ялтада
26.05.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен crypt деген вирустан жабыркадым. Файлдардын расширениеси ушундай болуп, натыйжада файлды компьютер тааныбай, ачпай калат. Дасыккан дарыгерлер болсо байланышкыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: