Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өттү











Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарындагы №27-жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат.
Салтанатка ата-энелер жана мугалимдер жамааты катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп директору ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
"Жалпы бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктайм. Келечегиңер кең болсун. Алдыда бир топ ийгиликтерди багындыргыла. Эң негизгиси туура жолду тандап алууңарга тилектешмин", - деп билдирди мектептин директору Бермет Насинова.
Акыркы коңгуроо салтанатында бүтүрүүчүлөр тарабынан ыр, бий тартууланды. Маалыматка ылайык, аталган мектепте 40тан ашуун окуучу бүтүрүүдө.
Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Баарынарга ийгилик, озунор тандаган кесиптин ээси болуп журо бергиле!!!
Эми мектептке кайтып келбейсиңер. Ыйлап-ыйлап алгыла.