super.kg logo

Кайталангыс даамы бар улуттук суусундуктарды тартуулаган “Шоро” компаниясы быйыл 25 жашта

 

“Биз улуттук суусундуктар менен дүйнө жүзүн багындырабыз”

Элибизди кайталангыс даамы бар улуттук суусундуктары менен камсыздап келген “Шоро” компаниясынын негизделгенине быйыл 25 жыл толду. Буга карата аталган компаниянын Бишкек шаарындагы, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы жана Казакстандагы бардык сатуу түйүндөрүндө кечээ, 25-майда максым шоро элге бекер берилди. Компаниянын кызматкерлери күндүн ысыгында элдин суусунун кандырып, ар бир кардардын жүзүндө жылмаюуну жаратты. "Шоронун" суусундуктары сатылган жайлардын бирине "Шоро байке" атка конгон компаниянын жүзү Талант Ашканов жана башка өкүлдөрү келип, шаар тургундарына жагымдуу маанай тартуулашты.

“Шоро” компаниясынын башкы директору Бакытбек Исираилов компаниянын 25 жылдык ийгилигинин сыры талыкпас эмгекте экенин айтат.

“Компаниянын негиздөөчүлөрү Таабалды жана Жумадил Эгембердиевдер 25 жыл мурун “Шоронун” ийгиликке жетерине ишенип бул ишти баштаган. Юбилейибизди чейрек кылым бою бизди колдоп келген кардарларды максым шоро менен сыйлоодон баштадык. Бүгүнкү өткөрүп жаткан акциябыздын максаты - 25 жыл бою бизге ишеним көрсөтүп биз менен бирге болгон кардарларыбызга сый-урмат көрсөтүп, ыраазычылыгыбызды билдирүү. Кыргыз элине бакубат өмүр, бекем ден соолук, сергек жашоо каалайбыз”, - деди ал.

Бакытбек Исираиловдун айтымында, компаниянын өкүлдөрү Таабалды Эгембердиевдин айткан насааттарынын негизинде иш алып барууда. Негиздөөчүнүн “биз улуттук суусундуктар менен дүйнө жүзүн багындырабыз” деп айтканы бар. Мындан улам “Шоро” компаниясы учурда суусундуктарын эл аралык стандартка ылайык жасоого бел байлап, жакынкы убакта чет өлкөлөргө экспорттоону пландоодо.

2013-жылдан бери компаниянын рекламалык роликтеринин жүзү, куюп-сатуу бөлүмүнүн башчысы Талант Ашканов: “Ата-бабаларыбыз илгери кайда барбасын жанына булактын суусун жана максымды алып жүрүшкөн экен. Кайсы жерге барбайын, мага баары “Шоро байке” деп кайрылышат. Компаниянын негиздөөчүсү Табаалды Эгембердиевдин балалыгы согуштан кийинки мезгилге, Советтер союзу учуруна туш келет. Мен кийип турган кийим дагы ошол учурдагы адамдардын образына байланыштуу тандалып алынган”, - деди.

Кыргыз өлкөсүнүн улуттук суусундуктар рыногундагы лидер компания

“Шоро” компаниясы 1992-жылдан бери экологиялык жактан таза, ден соолукка зыяны жок суусундукту өндүрүп келет. Компанияны негиздөө идеясы бир туугандар Таабалды жана Жумадил Эгембердиевдерде 1987-жылы пайда болгон. Экөө бала кезинде Сүйүн апасы даярдаган максымды сүйүп ичишчү. Бул суусундук үйүнө келген конокторго дагы тартууланып, аларды өзгөчө даамы менен тамшандырып турган.

"Шоро" компаниясы чейрек кылымдын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырып, өлкөдөгү улуттук ичимдиктер рыногундагы лидерге айланды. Компания мындан ары дагы өнүгүп-өсүп, Кыргыздын атын дүйнө жүзүнө таанытат деген элдин ишеними чоң.


кошулду





"Шоро" компаниясы 25 жылдыгына карата элге бекер максым таратты

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
26.05.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы нерсе кылышыптыр.Кечээ бир жерден отуп бара жатып иче кетейин десем,тугонуп калыптыр. Бекер алгандан уялат экенсин.Башка жерге барып деле сураган жокмун ошентип.
26.05.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайбыз!!Осуп-оно бергиле!
26.05.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даамдуу шоро, биздин кыргыз суусундугу!!!Азаматтар, ийгилик каалайм "Шоро" компаниясына!!!
26.05.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто саат он бирге чейин эле бекер болду.Андан кийин алып келбей койду,жок деп сатуучулар озу эле отурду.Торт беш жерге бардым акчага эле сатып алайын деп.Рекламасы укмуш болуп жатты эле го.
26.05.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сатуучулар башка идиштерге куюп алыштыда аны бугун акчага сатышат
26.05.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учоонор бир жерге барып алгансынар го
SUPER.KG видео
28.05.2017. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен сагындым максым чалапты 2 жыл болду иче элегиме
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: