super.kg logo

"Түндүк электр" ишканасы Патрулдук милиция башкармалыгынын карызы үчүн электр жарыгын өчүргөнү жатат

 

26-майда "Түндүк электр" ишканасы дебитордук карызы үчүн Бишкектеги шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу Патрулдук милиция башкармалыгынын электр жарыгын өчүрүүнү пландоодо. Бүгүнкү күндө башкармалыктын карызы 715 миң сомду түзөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 25-майда SUPER.KG`ге билдирди.

"2017-жылдын төрт айынын ичинде аталган абонент 505 миң сомго электр энергиясын колдонгон, анын ичинен 62 миң сому гана төлөнгөн. Андыктан карыздарды төлөшү үчүн ишкана ушундай чараларга барууга аргасыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Аталган башкармалыктын электр жарыгы абоненттин өзүнүн балансындагы №1576 трансформатордук көмөкчордон менен камсыздалынат. Ушул эле көмөкчордондон Васильевский тракт жана Фучик көчөлөрүнүн участогунда жайгашкан жол чырак электр энергиясы менен камсыздалган. "Түндүк электр" Патрулдук милиция башкармалыгынын электр жарыгын өчүрүү жол чырактын да өчүрүлүшүнө алып келерин эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
25.05.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоонун алдында бут окмоттук ишканалардын сууга,энергияга,салыка,соцфонтко кыскасы бут толончу карыздарын текшериш керек.Болсо толотуш керек.Болбосо шайлоодон кийин ким бар ким жок деген жетекчилер бар.Анан баягы эле шылтоо башталат.Акаевчи же Бакиевчи, АШАчы лардан калган дегендей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: