super.kg logo
  Саясат  

ЖЫНААМА, 25-МАЙ: Саясатчы Аликбек Жекшенкулов 60 жашка толду

 

Саясатчы Аликбек Жекшенкулов 60 жашка толду. Ал 1957-жылы 25-майда Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлгөн.

Ал 1992-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1996-жылы 1-класстагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчи болуп эмгектенген. Аликбек Жекшенкулов 1980-жылы Украина айыл чарба академиясын токой чарба инженери адистиги боюнча бүткөн.

1980-1982-жылдары Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" Кыргыз мамлекеттик табигый паркынын аймак башчысы, 1982-1986-жылдары комсомолдун Аламүдүн райкомунун 1-катчысы, 1986-1990-жылдары ЛКЖС БКнын катчысы, Кыргыз мамлекетинин ЛКЖСнын Ош обкомунун катчысы, 1990-1992-жылдары жаштар иши боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 1-орун басары, 1992-1994-жылдары президенттин аппаратында референт, Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, 1994-1995-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, 1995-жылдан тартып 1-орун басары болгон. 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

25-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: