АКШда 17 жылдан бери бала күткөн аял 6 ымыркайды бир төрөдү

17 жылдан бери балалуу боло албай келген аял бир төрөгөндө 6ны төрөдү. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазып чыккан.
Нигериядан Виргиния штатынын Ричмонд шаарына көчүп барышкан Ажибола жана Адебойя Тайво 11-майда 3 кыздуу жана 3 уулдуу болушкан. Эне ымыркайларды кесарево жолу менен жарыкка алып келген. Төрөткө 40 дарыгер катышкан. Дарыгерлердин айтымында, ымыркайлар 30-жумада төрөлүшкөн, абалдары жакшы. Азырынча алар көзөмөлдө болушат, качан чыгарылышары да белгисиз. Ал эми энеси төрөтканадан чыгарылганы маалым болду.
Ымыркайлардын эң кичинекейи төрөлгөндө 500 грамм болсо, эң чоңу 1 килограммдан ашык салмакта болгон.
"Менин балдарымдын эң кичинекейи чоңойгондо "мен ушунчалык кичине болчу экенмин, азыр кандай болуп калганымды кара" деп мага айтат деп үмүттөнүп жатам", - деген эне.
6 ымыркайдын бир төрөлүшү чанда гана кездешет. АКШда 2015-жылы 4 миллион ымыркай төрөлсө, 4 же андан көп болгон эгиздердин төрөлүшү 24 жолу катталган.












1 |