super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айлык акы төлөө долбоору иштелип чыкты

 

Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык жайда 98 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын аталган жайга болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болгон.

"Учурда стационардык жайда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 98 бала тарбияланат. Алардын көпчүлүгү талма, гидроцефалия, шал сыяктуу катуу ооруларга чалдыккандар. Балдар ар дайым жардамга муктаж болгондуктан, биздин кызматкерлер аларды күнү-түнү карашат", - деген жайдын директору Дамира Алимжанова.

Министр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган жарандарга эмгек акы төлөө боюнча долбоор иштелип чыкканын кабарлаган:

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кароо чоң эмгек. Долбоордо балдардын ата-энелерине ай сайын эң төмөнкү тиричилик каражатына барабар айлык акы төлөө каралган. Бул балдардын интернаттарга түшүүсүнүн алдын алат".

Социалдык стационардык жайга 30 орундуу жаңы корпус салынып, стоматологиялык бөлмөсү каралганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: