ЖЫЛНААМА, 26-МАЙ: 155 жыл мурун металлдарды эритип, алардын кошундусунан жаңы металл алуунун жолун ачкан америкалык ойлоп табуучу Исаак Баббит каза болгон
Металлдарды эритип, алардын кошундусунан жаңы металл алуунун жолун ачкан америкалык ойлоп табуучу Исаак Баббит 1862-жылы 26-майда каза болгон. Исаак Баббит зергер болгон. Ал эритмелер менен иштеп, 1824-жылы АКШда завод ачып, ал жактан Баббит эритмесин ойлоп тапкан. Бул ачылышы үчүн 1841-жылы Массачусетстеги Механиктер ассоциациясынын алтын медалына ээ болсо, кийин АКШнын конгрессинен 20 миң долларлык өлчөмдө акчалай сыйлык алган. Кийин Исаак Баббит кадимки самын чыгаруу менен алектене баштаган. Ал 1799-жылы 26-июлда төрөлгөн.
26-майга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.