super.kg logo

Чүйдө окуучунун өлүмүнө шектелип кармалган бала жашы жете электердин абагына киргизилди

 

Чүйдө окуучунун өлүмүнө шектелип кармалган бала жашы жете электердин абагына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Ф.В. кармалган. Ага "киши өлтүрүү" боюнча айып тагылып, жашы жете электердин абагына киргизилди.

Айта кетсек, окуя 21-май күнү саат 22:30 чамасында Аламүдүн районунда болгон. Анда 8-класстын окуучусу П.Ю. бир нече жолу бычакталып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын денесине 17 жолу бычак сайылганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.05.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен орус улутундагы балдар окшойт. Кыргызда Ф,В,Ю менен башталган ысымдар дээрлик жокко эсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: