super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жолдошум менден 4 жаш кичүү. Бийликти алдырбай эле, кичинекей болбой эле жашап келе жатабыз"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар өзүнөн кичүү балага турмушка чыгышабы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Өзүмдөн бир жаш кичүүлөрдү инимдей эле көрөм. Сүйүп көрө элекмин, бирок кичине баланы сүйүп калганымды элестете албайм".

"Мен керек болсо бир жаш улууларды инимдей көрчүмүн. Тагдырдын буйругу экен, теңиме эле тийип калдым. Өзүнөн 10 жаш улуу кыздарга үйлөнгөндөргө деле каршы эмесмин. Анткени Мухаммед пайгамбарыбыздын жубайы Хадижа 40 жашта болгон. Ошондо 15-20 жаш улуу болуп калат экен. Шариятта өзүнөн улуу аялзаты менен же эркек менен никелешүүгө тыюу салынган эмес".

"Абысыным кайнагамдан 2 жаш, жеңем да акемден 2 жаш улуу, дагы эки аяшымдын аялдары өздөрүнөн бир жаш улуу, классташ курбумдун жолдошу эки жаш кичүү. Деги койчу, ушундай эле адамдар үй-бүлө куруп, чырактай балдарды тарбиялап, сонун эле жашап жатышат. Демек, айырмасы жок".

"Ээ, досyм, улуунуку улуудай болот экен, мен өзүмдөн 3-4 жаш улуу кыздар менен сүйлөшүп көргөм, ойлoгoнуңдай мамиле жасашпайт экен. Кoлдoн келишинче жаш кыздардан эле карай бер".

"Сүйүү жашка карабайт. Жүрөккө буйрук бере албайсың. Кечээ жакында ушул SUPER.KG'ден эле окудум. Кайсы бир мамлекетте 31 жаштагы жигит 91 жаштагы кемпирди сүйүп калыптыр. Эми жакында үйлөнөт экен. Өзүң менен теңге үйлөнсөң да, өзүң менен барабар айтышат, улуусу жарытмак беле. Эми ал жагы алган кыздан, анан өзүңдөн эле болсо керек".

"Жолдошум экөөбүздүн айырмабыз төрт жыл, ал менден кичүү. Бийликти алдырбай эле, кичинекей болбой эле жашап келе жатабыз. Эң башкысы өзүң намыстуу, эрктүү болсоң, канча жаш улуу болсо деле баш ийип берет. Канча кичүү болуп алып баш ийбегендер толтура".

"Теңи экенин билсе тие берсин, эч каршылыгым жок. Кеп улуу, кичүүдө эмес да, кеп келечеги кеңдигинде. Турмуштун арабасын бирге тарта аларына көздөрү жетсе болгону. Кыздарды деле түшүнсөк болот, албетте, жашы өттү дегиче автоматтык түрдө "кара далы" деген сөз жабышат. Кыздарыбыз эрге тийбей жүрө бергенинде да, ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Кыйналганча, өзүнүн көңүлү толгон жигитке баш байлап кеткени жакшы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
26.05.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылын сезимин журогуно багынат журогун суйсо эч нерсе кыла албайсын.
26.05.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы, негизгиси адамдын мунозуно карайт экенда .
26.05.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин абысыным кайнагамдан 1 жашка чон. Бары бир мен чонмун дегендей мамиле кылат же акылы бир аз жетпейби эркек адамды сыйлоо боюнча. Тушунбойм
26.05.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашы чон кыздардын ХХХ болот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-26 16:27:21
26.05.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
26.05.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүйүү жашка карабайт)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: