super.kg logo
  Саясат  

Японияда “Кыргызстандын салттары: шумкар жана бүркүт менен аң уулоого чыгуу” аттуу сүрөт көргөзмө болду

 

12-май күнү Япониянын Кавасаки шаарында “Кыргызстандын салттары: шумкар жана бүркүт менен аң уулоого чыгуу” темасында сүрөт көргөзмө болуп өттү. Иш-чара жыл сайын өтүүчү “Накахара Кайдо Жидай” фестивалынын алкагында уюштурулду. Анда коноктор кыргыз аңчыларынын ууга чыккан куштары менен түшкөн сүрөттөрүнө жана белгилүү орус сүрөтчүсү В.Верещагиндин “Бай кыргыз аңчысы бүркүтү менен” деп аталган сүрөттөр жыйнагына күбө болушту. Ошондой эле көргөзмөгө аң уулоочу кушу менен япон аңчылары келишти. Сөз сүйлөп, иш-чараны ачкан Кыргызстандын Япониядагы элчиси Рыспек Молдогазиев аңчылык кылууда кыргыз жана япон салттарынын окшоштуктары бар экендигин белгиледи. Маалыматка ылайык, сүрөт көргөзмө көпчүлүктүн Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: