super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков Алай элинин сунушу менен президенттик шайлоого аттанат

 

Саясатчы Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына анын кеңешчиси Шайырбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымында, Келдибеков өзү туулуп-өскөн Алайда эл менен жолукканы барган. Ал жердин аксакалдары, эли аны колдоп президенттикке аттануусун сунуштаганда Келдибеков президенттик шайлоого катышарын айткан. Саясатчынын жанында Камчыбек Ташиев болгон.

Адахан Мадумаров Ахматбек Келдибековдун президенттикке аттанганы тууралуу кабары жок экенин ММКлардын бирине айткан.

Эске салсак, 2016-жылы 30-ноябрда Бишкек шаарында саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров биригип жатышканын коомчулукка жарыялашкан. Анда биригүүнүн максаты - 2017-жылы президенттик шайлоого катышууга даярдануу экенин айтышкан. Үчөөнүн бири талапкер боло тургандарын билдирген.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, социалдык фонддун мурдагы башчысы Ахматбек Келдибеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "коррупция" беренелери боюнча соттолуп, мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: