super.kg logo

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жарандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады

 

Бүгүн, 26-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жарандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

“Бүт дүйнөдөгү мусулмандар күткөн Орозо – тазалануунун, асыл ниеттер менен үмүттөрдүн, кайрымдуулук менен соопчулуктун айы. Бул айда араздашкандар өз ара жарашышат, бири-бирин кечиришет, кыйналгандарга каралашып, жашоосуна үмүт отун жагышат. Адамдын түйшүгү, санаасы эч качан бүтпөйт. Ушул айда күнүмдүк көр тириликтен бойду жыйып, өмүрдүн маани-маңызы жөнүндө ой толгойлу. Бул жарыкчылыкка келгендеги максатым эмне, жакындарыма, эл-журтума жардамым тийип жатабы деп өзүбүзгө суроо берели. “Жакшы ой адамды жашартат, жаман ой адамды картайтат” дейт элдик нуска, демек, көөдөндү жаман ойлордон тазалайлы. Ар бир адамдын ою тазарса, бүт коом, бүт өлкө тазарат, өсүп-өнүгөт”, - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.05.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы орозодо тазаланып ойубуз журогубуз тазарып жакшы ыймандуу элден бололу
26.05.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президентибиз дагын эми Ыйык Орозо айында бироолорду жамандабай,ушактабай клиптерди ырларды чыгара эрбей Кыргызстаныбызга жакшы иштерди жасасын Оомийн!
26.05.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмне кылса да президентибиз!!! Ырдаса да Бакиевден жакшы,клип тартса да Акаевден жакшы, чын соз айтканы учун эле ушак деп жатышат да, элге эшен молдо жакпаптыр.... Атамбаев тигил экоонон шугур эле чыкты. Жеп жутарлардын арасында жалгыз жургону учун сыйлайм бул кишини!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: