super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Албарсты басканда демиң кысылып, оозуңа келме келбей, кыймылдай албай каласың"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жин, албарстылар тууралуу" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен өзүм андай көзгө көрүнгөндүн бирөөсүн да көрө элекмин. Көргөндөн корком, көрүп калсам жүрөгүм ошол замат жарылып кетет болуш керек. Чоң атам албарсты көрчү бир бөбөгүм уктап жатып эле оозу көгөрүп чыкчу кыйналып, чоң атам болсо мылтыгын алып "чык эле, чык" деп Албарстыны кубалачу. Биздин биологиядан сабак берген агайыбыз болсо "кыргыздар кечинде жатарда эки чоң чыны кесмени бастырып алып, анан кыйналганын билбей" мени Албарсты басты дешет, Албарсты деген жок" дечү. А тайкемдер дайыма түндө парданын артынан карап турган кара кийимчен аялды көрүшчү экен. Кийин таенем каза болгондон кийин жоголуп кетиптир. Алар үй илгерки, эски мүрзөнүн үстүнө салынып калган дешчү. Ал жакка барганда тим эле жүрөгүм түшөт. Бирок мындай окуяларды көп эле укчубуз, уккандан кийин эшикке чыга албай калчу элек".

"Мындан эки же үч жыл мурда болуш керек, үйдө эч ким жок, баары конокко кеткен. Кеч кирип, короодогу уй-койду карап келип жатайын деп жүргөм. Алдымдан бир нерсе өтө тез ылдамдыкта өтүп кеткен. Мен анын так сөлөкөтүн көрө алган эмесмин, анын үстүнө караңгы болчу. Ал зат ошол жиндердин дүйнөсүнөн бирөө болгон деп эле жоромолдоп койгом".

"Ушул эле калды эле негизи. Андан көрө адам кейпиндеги Албарстылардан корккула, кайдагы жомокко ишенбей".

"Албарсты басат деген бар илгертеден эле. Албарсты басканда демин кысылып, оозуңа келме келбей, кыймылдай албай каласың. Үстүңдө оор капкара нерсе жаткандай болот. Качан келме келтирсең анан качат. Ага чейин жан алекетке түшө бересиң. Ошондуктан кыргыздар үйгө арча түтөтүп, аластап турушкан".

"Адам баласынын башынан өтмөйүнчө ишенбейт, негизи бар. Бирок жин-шайтан деп айта албайм. Албарсты басканда кадимкидей эле бир киши болуп келет. Мисалы, мага апам болуп келген, мен апалап жатып үнүм чыкпай, оор нерсени сезип тумчуккандай, андан да жаман сезимде болгом. Келме келтирсең кадимкидей жеңилдеп, анын кетип жатканы сезилет. Ишенбей жатасыздарбы, мен да бир убакта ишенчү эмесмин, Кудай таалам бир түндө ишендирип койду. Азыркы күнгө чейин басат, кыйналам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
27.05.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Албарсты мага кобунчо адам кейпинде эмес кара тутун же ызычуу добушу менен келет. Аны кетириш учун курандан бир суро окуш керек. Ал келбеш учун таза журуш керек жана тонкойуп комкоросунон жатпаш керек. Менин жеке оюм.
27.05.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жолу демим кыстыгып дем ала албай ойгонуп кетип көзүмдү ачсам , аппак бир нерсе көкүрөгүмдө олтурган экен , чоңдугу 2-3 жашар баладай , ойгонор замат жок болуп кетти , эмне экенин дале түшүнбөй калдым , башымы көтөрүп терезени карасам терезенин сыртынан карап турган экен , дагы жок болуп кетти , эмне болсо болбойбу деп уйкуну уланттым , себеби же коркподум , же бул эмне деген ой келбеди башка.
27.05.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албарсты же азыткы азгырып кетет деп укчумун көп эле. Албарсты эмес басырык басат. Басырык басып кыйналып чыктым дешет го
27.05.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
XAN-TORO,оооба мен да айтайын дегем бсырык эки уч жолу баскан бирок эчтеке корунбогон,болгону эч жерим кыймылдабай демим кысылып калган,нандын ушагына жатыпалсан басат дешет. А албарсты ал адаштырат , азгырат
27.05.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Албарстыны баягы 3 кыздан сураш керек, не только албарсты басат. Алар даже албарстыны басат
27.05.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerimma84,ха ха ха боорду эздингоо
27.05.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
У уу у у уу у деп келет албарстылар
28.05.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhykyo,)))
27.05.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечке жатканда келменерди айтып жатсанар баары жакшы болот
28.05.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албарсты басты десе "үч кызды " элестетмей болдум, ошолор басып жаткандай
28.05.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле акыркы убакта албарстыны эле козгоп калдынар
28.05.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосу коп адамды албарсты басат экен деп укчумун молдодон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: