super.kg logo

Москвада полиция кызматкерлеринин ыр окуп жаткан 9 жашар баланы кармап кетиши социалдык тармактарда сынга алынууда

 

Кечээ, 26-майда Москвадагы Арбат көчөсүндө полиция кызматкерлери ыр окуп жаткан 9 жашар баланы кармап кетишкенин окуянын күбөсү Люся Штейн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, видеосун тиркеген. Видеодо полиция кызматынын унаасында отурган бала кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Ал эми Люся Штейн баланы эмненин негизинде алып кетип жатышканын сураса, ага жооп болбогонун жазган.

"Ыр окуп жаткан 9 жашар баланы кармап, ыйлаткан бойдон аны жалгыз алып кетишти. Алар өзүлөрүн тааныштырган жок, эмненин негизинде алып кетип бара жатышканын түшүндүрүшкөн жок. Мени жана баланы тааныган бир кызды түртүп жиберишти. Алардын жүзүн тартууга аракет кылдым, бирок камера фокус алгыча согуп жиберишти. Видеодо бала кыйкырып жатканы угулат. Унаанын номери бар. Арбаттын ички иштер бөлүмүнө бара жатам. Мындай абалда эмне кылыш керек?" - деген суроо салган күбө.

Орусиянын Ички иштер министрлиги берген маалымат боюнча, бала ыр айтып, ар кайсы унааларга барып, кайыр сурагандыктан, бөлүмгө алынып келинген. Анын атасы Илья Скавронскиге жашы жете элек баласына тарбия берүүдө милдетин аткарбаганы үчүн протокол түзүлгөн. Ал эми энесине "полиция кызматкерине каршылык көрсөткөн" деген айып коюлуп жатканын Эхо Москвы басылмасы жазып чыккан.

"Уулум кайыр сураган эмес, ал Шекспирдин "Гамлет" чыгармасын аткарып жаткан. Ал театрга барат. Өзүнүн комплекстерин жоюу үчүн Арбатта элдин алдына чыгып, ыр аткарып жүрөт. Ошол учурда апасы андан 20-25 метр аралыкта китеп окуп отурган. Полиция кызматкерлери энесинин катышуусуз уулум менен сүйлөшүп, аны унаага сала башташканда, апасы токтотууга аракет кылган", - деген баланын атасы.

Скваронскинин айтымында, полиция кызматкерлери кармоо учурунда орой мамиле жасап, сөгүнүшкөн.

Учурда бала да, ата-энеси да бөлүмдөн коё берилишкени маалым болду. Ал эми социалдык тармактарда бул окуя талкууга алынып, көпчүлүк полиция кызматкерлеринин аракеттерин сындап жатышат.






Москвада полиция кызматкерлери 9 жашар баланы кармашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
27.05.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда закон иштейт, бизде базарларда цыгандын (лолу) балдары жалдырап журотго, аларды кой деген Адам жок
aselushka түзөттү 2017-05-27 09:58:10
27.05.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизле аялдарды текшериш керек. Балдарды уктатып Кайыр сураган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: