ЖЫЛНААМА, 27-МАЙ: 7 жыл мурун Түркияда орусиялык туристтерди ташып бараткан автобус көпүрөдөн кулап, 17 киши каза болгон
Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылдын 27-майында Түркиянын Анталия шаарында орусиялык туристтерди ташып бараткан автобус көпүрөдөн кулаган. Анын кесепетинен кырсык болгон жерде 16 киши, ооруканада 1 адам каза болгон. Андан сырткары 25 адам жабыркаган. Автобустун ичиндеги 42 адамдын экөө түрк жараны, калгандары Орусиянын жарандары болушкан. Кырсык Аланья курортунан Памуккалдагы туристтик борборго бараткан жолдо болгон. Автобустун айдоочусу уктап кетип, унаа 15 метрдей бийиктиктен Аксу дарыясына кулап түшкөн.
27-майга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.