Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо өтүп жатат
Бүгүн, 27-майда Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучу комитетинин мүчөсү Мирбек Шарабидинов SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалыматка ылайык, ректорлукка 7 талапкер көрсөтүлгөн:
1. Асель Абакирова;
2. Гурас Жапаров;
3. Зарема Казанбаева;
4. Таалайбек Каракеев;
5. Канат Садыков;
6. Нур Саралаев;
7. Туратбек Суранаев.
"Шайлоо эртең менен саат 9:00дө башталган. Ректорду университеттин окутуучулары шайлап жатышат. Шайлоо саат 17:00дө аяктайт", - деди Шарабидинов.
Эскерте кетсек, 6-апрелде мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
barsbegKG
28.05.2017. 02:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык башынан (сасыйт) сасыган. Бул жеке менин пикирим ректорлор шайланбай дайындалышы керек жогору жактан.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















