super.kg logo
  Саясат  

Эртең өлкө аймагындагы бир катар жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөт

 

Эртең, 28-майда өлкө аймагындагы бир катар жергиликтүү кеңештерде кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн, 27-майда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштери токтотулду. Саясий партиялар, өзүн-өзү көрсөткөндөр, үгүт иштерин жүргүзүүчүлөрдүн тобу, ошондой эле бардык массалык маалымат каражаттары үгүт иштерин токтотушат. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

Белгилей кетсек, айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо Жалал-Абад облусундагы Токтогул, Аксы райондору, Ош облусунун Алай району, Нарын облусунун Ак-Талаа району, Талас облусунун Талас району, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району, Чүй облусунун Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук райондорунда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: