super.kg logo

Орусияда өтө турчу FIFA Конфедерациялар Кубогуна байланыштуу чет элдиктер үчүн өзгөчө тартип киргизилиши мүмкүн

 

Орусияда өтө турчу FIFA Конфедерациялар Кубогуна байланыштуу чет элдиктер үчүн өзгөчө тартип киргизилерин орусиялык басылмалар жазышууда. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилиги тастыктап, бирок буга байланыштуу азырынча тиешелүү органдардан расмий кат келе электигин бүгүн, 27-майда кабарлашты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 9-майында №202 буйрук чыгарганы белгилүү болду. Ага ылайык, FIFA 2017 кубогунун маалында 1-июндан 12-июлга чейин коопсуздук чаралары күчөтүлөт, ошондой эле аталган аралыкта Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларына келген чет элдик жарандар жашаган дареги боюнча 1 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттүү.

"Бул маселе боюнча орусиялык тарап менен ЕАЭБдин жана эки өлкөнүн жарандарынын өлкөдө жүрүүлөрү боюнча келишимдердеги жоболорду эске алуу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда орусиялык тараптан Кыргыз жарандарынын Орусияда жүрүү тартиби тууралуу расмий билдирүү келе элек", - деп жазылат Элчиликтин маалыматында.

Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө болгон соң Кыргыз жарандардын Орусияда жүрүшү келишимге ылайык болушу керектигин эскерте кетебиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
27.05.2017. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
айдоочулук куболук жонундо маалымат берип койсонуздар???
27.05.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Регистрация токтоптур дейби??
Жасабай жатышат экенго.
Эми эмне болот??
Супер кж ушул маалымат тууралук кабардар кылып турсаныздар.
27.05.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туугандар докуметке так болгула!Кечээ биздин участковый июндун 3учо чейин катуу текшеруу болот деп кетти.Квартиралар да текшерилет.Гражданский формада келип да эскестуу бериптир коншума
28.05.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fifasy качан бутот
28.05.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын Путинге да анын адамдарына да ынсап берсин канчплаган адамдардын ырыскысы буулат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: