super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-МАЙ: Мындан 123 жыл мурун төкмө акын Алымкул Үсөнбаев туулган

 

Мындан 123 жыл мурун 28-майда Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев Талас өрөөнүндөгү Кара-Арча айылында төрөлгөн. Ал ырчылыкка он үч жаш курагында кирише баштаган. Он төрт жашында улуу акын Токтогул Сатылгановго жолугуп, андан таалим алган.

1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштей баштаган. Алымкул Үсөнбаев Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. 1939-жылы ага Кыргыз ССРинин Эл артисти наамы берилген. 1938-1963-жылдары Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Кыргыз адабияты менен искусствосуна сиңирген кызматы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Акын - "Ырлар жана поэмалар", "Согушуп жаткан эрлерге", "Комуз", "Улуу дос", "Тандалган ырлар", "Too булбулу", "Биринчи бригада" өңдүү отуздан ашык китептин автору. Ал кыргыз элинин "Эмгекчи жолборс", "Козолшаа", "Байгабыл абышка", "Жолборс минген киши" өңдүү жомокторун ырга айландырган. "Олжобай менен Кишимжан", "Саринжи Бөкөй", "Кожожаш" эпостору Алымкул Үсөнбаевдин оозунан жазылып алынган.
Алымкул Үсөнбаев 1963-жылы дүйнөдөн өткөн.
28-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: