super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги Свердлов жана Биринчи Май районунун атын өзгөртүү сунушталууда

 

14-майда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында депутат Абдырахман Маматалиев Бишкек шаарындагы Свердлов жана  Биринчи Май райондорунун аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Айтымында, аталган райондорго Исхак Раззаковдун жана Чыңгыз Айтматовдун ысымдарын ыйгаруу керек. “150 миң доллар эмне деген акча? Атка минерлер ушундай баадагы унааларды минип эле жүрүшпөйбү. Каржы министрлиги жана мэрия бул иш үчүн каражат табуусу керек”,- деди Маматалиев.

Ал эми аталган комитеттин төрагасы Эркин Алымбеков буларга токтолду:

Аталыштарды өзгөртүү тарыхый процесс. Биринчи канча каражат кетерин эсептеп чыгыңыз. Раззаковдун жана Айтматовдун ысымдарын түбөлүккө калтыруу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, талкууга коюш керек”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: