super.kg logo

Орусия патриархы Кирилл: "Биз диний экстремизм деген сөздөн качып келебиз"

 

“Ислам жана православ салттуу диндери тынчтыктын жана ынтымактын негизинде коомду бекемдөөдө мамлекеттин өнөктөшү болоруна ишенем”, - деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-майда Бүткүл Орусия патриархы Кирилл менен жолугушууда.

Патриарх Кирилл Бишкекке расмий сапары менен келген.

“Кыргыз жеринде православ экинчи масштабдуу конфессиялардын бири жана мекендештерибиздин диний жашоосунда өзгөчө мааниге ээ. Сиздин сапарыңыз мусулмандардын Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө болуп жаткандыгы жакшы жышаан. Ислам жана православ эриш аркак жүрүп, биздин коомдун диний өнүгүүсүнүн негизин түзөт. Азыр салттуу баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү маселеси курч экени маалым. Ошондуктан өкмөт ислам менен православ дининин лидерлери менен өзгөчө байланыш түзүүнү туура көрөт”, - деди Жээнбеков.

Патриарх Кирилл буларды белгиледи:

"Биз көрүп тургандай, Кыргыз жеринде православ дининин өкүлдөрү өзүн эркин сезип, эч кандай кысымдарга туш болгону байкалбайт. Биз диний экстремизм деген сөздөн качып келебиз, анткени динде мындай көрүнүш болушу мүмкүн эмес. Жараткан бизди экстремизмдин болбошуна чакырат. Ал эми аны колдонгондор болсо башка бирөөлөрдүн эсебинен аны ишке ашырууну максат кылышат. Ушундан улам биз баарыбыз биргеликте экстремизм менен күрөшүүбүз зарыл".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.05.2017. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Исламдан башка акыйкат жок! акыретте пенделер экиге гана бөлүнөт, мусулман жана каапыр болуп. Жараткан адашуучулуктан сактасын!
29.05.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
berdish,Аллахтан отуп биларман болбогула...Кудай Таала капыр кулдарына деле ырыскы береберет...Исламды жакшы тааныталы..
29.05.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaloshtalnarisbatchui,мен акыретти айтып жатам, бир аз мээңди иштетип алып анан эл менен баарлаш. сага окшогон чала молдолор баары жокту ойрон кылып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: