super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо "Өнүгүү-Прогресс" жеӊди

 

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо 5 партия өттү. Биринчиде "Өнүгүү-Прогресс", экинчиде КСДП, кийинки орундарда "Мекеним Кыргызстан", "Ата Журт" жана "Республика" партиялары. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаеванын SUPER.KG порталына билдиришинче, "Өнүгүү-Прогресс" менен КСДПнын ортосунда 20-30 добуштай эле айырмачылык бар.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык кеӊешине мурунку шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өтүп, 5 партия мандат алган. Алар КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Журт" партиялары. Бирок шаардык кеӊешке өткөн партиялар тил табышып иштей алышкан жок. 12-январда "Өнүгүү-Прогресс", "Республика-Ата Журт" жана "Ата Журт" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзгөн. Бирок КСДП жана "Кыргызстандын" депутаттары жыйынга келбей коюшкан. 2 аптадан кийин коалиция тараган.

Мындан кийин КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары коалициялык көпчүлүк түзгөн. Түрдүү себептерден улам кворум болбой, шаардык кеӊештин төрагасын шайлай алышкан эмес. Мындан улам 2017-жылдын 30-мартында Жалал-Абад шаардык кеӊеши өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алып, кайра шайлоо дайындалган. 28-майда Кыргыз жеринде 8 шаардык, 33 айылдык кеӊешке шайлоо өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: