Кара-Сууда жергиликтүү тургун кудукту тазалоого түшүп каза болду



Ош облусунун Кара-Суу районунда Кызыл-Кыштак айылынын Мукумий көчөсүндө кудуктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21 метр тереңдикте казылган кудуктан табылган кишинин жансыз денесин куткаруучулар тобу алып чыгышкан. Маркум аталган айылдын 1976-жылы туулган тургуну экени аныкталып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Каза болгон тургун кудукту тазалоо үчүн түшкөнү айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Маркум уугуп калган же травма алып озуно келе албай калган деп ойлойм.
Жаткан жери жайлуу,жайы жаннатта болсун...