super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Келдибеков президенттик жарышка катышабы-жокпу айта албайм"

 

Ахматбек Келдибеков президенттикке аттанат деген маалымат боюнча Келдибековдун өзүнөн укмайынча бир нерсе айта албайм”, - деди SUPER.KG порталына “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

“Келдибеков менен жолугуша элекмин. Кыргызда билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй жаза берген, сүйлөй берген көнүмүш адат болуп калды. Өзү менен жолугушуп сүйлөшөбүз”, - деди Мадумаров.

Ал эми "Президенттикке талапкерлигиңизди коёсузбу?" деген суроого “Аны, буюрса, чечебиз” деген жооп узатты.

2016-жылдын ноябрь айында Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров бириккенин жарыялап, үчөөнүн бири президенттикке талапкер боло тургандарын билдиришкен. Бул боюнча Мадумаров үч саясатчы чогула электигин айтты. Президенттик шайлоо жарыялангандан кийин тандем талапкер жарыялай турганын кошумчалады.

Эске салсак, 26-майда Келдибеков Алай элинин сунушу менен президенттик шайлоого аттана турганын анын кеңешчиси билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: