super.kg logo
  Саясат  

Ошто кесиптик лицейлердин арасында "жылдын мыкты мугалими" аныкталды

 

14-майда Ош облусундагы кесиптик лицейлердин арасында "Жылдын мыкты мугалими" аныкталды. Сынакка облустун бардык аймагынан 15тен ашуун мугалим катышышты. Калыстар тобунун чечими менен жыйынтыгында №12-кесиптик лицейдин мугалими Молдокулова Элина жана №59-кесиптик лицейдин мугалими Майнаев Асан жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына акчалай сыйлыктар, грамоталар  жана баалуу белектер тапшырылды. Женүүчүлөр кесиптик лицейлер арасында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык "Жылдын мыкты мугалими-2013" кароо сынагына катышууга укук алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: