super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "башкы прокурордун статусун президентке теӊеп жатабыз" дешти

 

Бүгүн, 30-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Депутат Исхак Масалиев башкы прокурордун колу менен депутаттарга кылмыш иши козголорун, бирок башкы прокурорго эч ким кылмыш ишин козгой албай турганын айтты. “Жогорку Кеңеш башкы прокурорду дайындайт. Башкы прокурордун колу менен депутатка кылмыш иши козголуп, камалышат. Ал эми мыйзам долбоорунда башкы прокурор кызматтан кеткенден кийин гана кылмыш иши козголо турганы жазылган. Бул менен биз башкы прокурорду президентке теңеп жатабыз”, - деди депутат.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев башкы прокурорго ким кылмыш ишин козгой аларын сурап: “Эгерде башкы прокурор кылмышка шектелип жатса, өлкө аны качан кызматтан кеткенин күтүш керекпи?” - деди.
Прокуратура өкүлүнүн айтымында, башкы прокурор кызматтан кеткенден кийин жаңы келген башкы прокурор кылмыш ишин козгойт.
“Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев башкы прокурор кызматтан кеткенден кийин жөнөкөй жаран боло турганын белгиледи. Ошондой эле жөнөкөй жаранга кылмыш ишти бир катар органдар козгой алат деген оюн айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. 4 депутат “каршы”, 7 эл өкүлү “макул” деп добуш берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: