super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: “Мага кылмыш иши козголгонун интернеттен окудум”

 

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров ага карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат каражаттарынан окуганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына бүгүн, 30-майда билдирди.

Анын бул кылмыш иши боюнча маалыматы жок экенин белгиледи. Ошондой эле бул маселе боюнча суракка чакырылбаганын айтты.

Эске салсак, Башкы прокуратура 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата кылмыш ишин козгогон.

УКМКнын материалдарынын негизинде Башкы прокуратура 29-майда Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын депутаттары Чудинов жана Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоду. Алар өкмөт мүчөлөрү болуп турган маалда 2009-2015-жылдары “Унаа сыноо станциясы” ачык акционердик коомуна 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган деп айыпталууда. Козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзөт”, - деп билдирген башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдраманов.






А.Жапаров ага козголгон кылмыш иши тууралуу айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: