super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 30-МАЙ: 239 жыл мурун атактуу француз ойчулу Франсуа Вольтер көз жумган

 

Мындан 239 жыл мурун, 1778-жылы 30-майда франциялык жазуучу, философ жана публицист Франсуа-Мари Аруэ Вольтер көз жумган.

Ал 1694-жылы 21-ноябрда Парижде нотариустун үй-бүлөсүндө туулган. Атасынын каршы болгонуна карабастан адабиятчынын карьерасын тандап алган. Феодалдык-абсолюттук Францияны шылдыңдаган сатирасы үчүн он бир ай Бастилияда отурган. Франциядан куулуп жиберилгендиктен 1726-1729-жылдарда Англияда жашаган. Англияда жашап, анын турмушу менен таанышканы көз карашынын калыптанышына чоң таасирин көрсөткөн. 1758-жылы Швейцариянын чегине жакын жайгашкан Ферне деген жайда сатып алган чарбагына көчүп келет да, анда 20 жыл жашайт. Ушул Фернеде жүргөн мезгилде ал эң олуттуу чыгармаларын жазган.

Вольтер жалпысынан жүздөгөн чыгармаларды жазган, алар көлөмү боюнча бир нече ондогон томдордон турган чыгармалар жыйнагын түзөт. Андан тышкары ал пьесаларды, повесттерди жана публицистикаларды жараткан. Вольтердин социалдык-саясий көз караштары калыптанып келе жаткан француз буржуазиялык демократиясынын идеологиясын чагылдырып, эскирген феодалдык режимдин бетин ачкан. Вольтер өзүнүн жаңы философиялык идеяларын көтөрүп чыккан философ болгон эмес, бирок коомду философиялык жактан агартуу жаатында көп иштерди жасаган агартуучу болгон. Вольтердин бардык чыгармаларынын негизги багыты - борборунда антиклерикализм турган антифеодалдык багыт. Ал өмүр бою чиркөөгө, башка динге жол бербөөчүлүккө жана фанатизмге каршы күрөшүп келген.
Вольтердин философиялык көз караштары "Философиялык каттарда" (1733-жылы), "Метафизика жөнүндө трактатта" (1734-жылы), "Ньютондун философиясынын негиздеринде" (1738-жылы), "Кандид" философиялык повестинде (1759-жылы), "Философиялык сөздүктө" (1764-1769-жылдары) чагылдырылган.

30-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: