super.kg logo

Баткендеги жол кырсыгынан каза болгондордун жана жабырлануучулардын аты-жөнү белгилүү болду (тизме)

 

Кечээ, 29-майда саат 16:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунун 45-чакырымында жол кырсыгына кабылган Хонда Степвагон унаасында 10 жүргүнчүнүн үчөөсү каза болуп, жетөө ооруканага түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынан билдиришти.

Каза болгондор:

  1. Исламбек Токтошев - 1981-жылы туулган,
  2. Асылбек Таксибаев - 2005-жылы туулган,
  3. 1962-жылы туулган аял кишинин сөөгүн туугандары окуя болгон жерден алып кеткенине байланыштуу аты-жөнү такталууда.

Ооруканага түшкөндөр:

  1. Сумая Уразабекова - 2005-жылы туулган (баш мээси чайкалып, оң ийини жана оң жамбашы сынган),
  2. Айсулуу Жүзбаева - 2004-жылы туулган (баш мээси чайкалган, көкүрөк тушунан жаракат алган),
  3. Кутман Тажибаев - 2011-жылы туулган (баш мээси чайкалган, жаагы сынган),
  4. Рабия Абдураимова - 1971-жылы туулган (баш мээси чайкалган, көкүрөгүнөн жана эки тизесинен жаракат алган),
  5. Медет Токтошев - 1979-жылы туулган (баш мээси чайкалган),
  6. Үмүтбек Шамшиев - 1982-жылы туулган (баш мээси чайкалган),
  7. Алтынбек Акматов - 1981-жылы туулган. Медициналык жардам көрсөтүлүп ооруканадан чыгарылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-майда саат 16:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунун 45-чакырымында жол кырсыгы катталган. Жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Хонда Степвагон унаасынын дөңгөлөгү жарылып, унаа бир нече жолу аңтарылып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан. Жүргүнчүлөр Баткен облусунун Самаркандек жана Чоң-Кара айылдарынын жашоочулары экени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
30.05.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун кырсык каш кабактын ортосунда эмеспи артында калгандарга сабыр берсин ооруканадагыларга Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин баары баш мээсинен жаракат алыптыр больницадан чыгарылгандан кийин да врачтын козомолундо болуп турунуздар
30.05.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы жаннаттан болсун баарынын
30.05.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
7 орундуу машинага 10 адамды салган экен.. Кудай сактасын аман калгандарын.
30.05.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун бодоо кырсыктан сактасын кудайым
30.05.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш -кабактын ортосунда бугун экообун жерге беришти жаткан жерлери жаннат болсун.Самаркандектен болчу.
30.05.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу ХондаСтеп айдагандар Ош-Бишкек жолунда да аябай катуу айдашат.Орустар айткандай ,,5мүнөт алдың барып моргто болгуча,5мүнөт кийин барып үй-бүлөмдүн алдында болгонум жакшы"дешет.Акырын айдаса деле болотко дегеним.Негизинен жол эрежелерин сактабайбыз.Ролго отурсак эле самолет мингендей айдайбыз.Негизинен автокырсыктар ылдамдыктан анан мас абалда айдагандан болуп жатпайбы...
01.06.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ХХХ таксилер бироонун жанын ойлобойт бугун жалалабадтан келдим эми жолбо айдаган степ менен фура бензин ташыган камаздардя коруп журогун тушот 180де фура бензовос кетип жатат бири экинчисинен авгон алып анан ошолор куйбой ким куйот ага атанбашып биз келген степ 170ке чыкты фурага жетпей койду биз кыйкырып олтуруп шаферду акырындаттык жок болбой эле кайра эле каттуу айдап калат ушуларды козмолго каттуу алсанар
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-01 10:48:10
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: