super.kg logo

MegaCom түйүндүн техникалык өнүктүрүүсүн улантууда

 

Түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптималдоо боюнча байма-бай аткарылган иштер аркылуу MegaCom абоненттери жогорку сапаттагы мобилдик байланыш, ыкчам интернет менен камсыз болуп, Кыргыз мамлекетинин каалаган жеринде байланышта боло алышат. 2017-жылдын март жана апрель айларында мобилдик оператордун адистери тарабынан бир катар пландуу жумуштар аткарылган.

Эми заманбап базалык станцияны ишке киргизүүнүн натыйжасында Ош облусунун Кара-Таш айылынын тургундары MegaCom'дун мобилдик байланыш кызматы менен пайдалана алышат.

Компания буга чейин орнотулган базалык станцияларды жаңылоо иштерин улантып келет. Мындай аракеттер да өз жемишин бербей койгон жок. Төмөндө аты аталган 3 облустун айылдарында сигнал жакшыртылган:

Чүй облусу: Кайырма, Новопокровка (Логвиненко айыл өкмөтү), Новопокровка (Новопокровка айыл өкмөтү) айылдары, Кара-Балта жана Бишкек шаарлары.

Ысык-Көл облусу: Бостери айылы

Баткен облусу: Халмион айылы

Кошумча жабдуулар орнотулуп, 3,75G стандартындагы жаңы базалык станциялар ишке киргизилген. Үчүнчү муун байланышы менен төмөнкү облустардын 15 калктуу конушунун тургундары пайдалана алышат:

Ош облусу: Лаглан, Тээке жана Таш-Булак айылдары

Баткен облусу: Жаңы-Турмуш, Кара-Суу, Катраң, Коргон жана Чуянчы айылдары

Нарын облусу: Кара-Бүргөн, Коңорчок, Чолок-Кайың, Базар-Турук, Жаңы-Арык, Доскулу жана Кызарт айылдары.

Бишкек, Кара-Балта жана Кара-Суу шаарларында жана ошондой эле Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында, Ош облусунун Калинин айылында, Баткен облусунун Халмион айылында, Талас облусунун Көк-Дөбө жана Чымгент айылдарында 3,75G стандартынын каптоо аймагын кеңейтүүгө байланыштуу бул аймактарда интернет мурдагыдан да ыкчам болуп калды.

Түйүндүн каптоо аймагы тууралуу маалыматты онлайн режимде көрүүгө болот. Түйүндү каптоонун интерактивдүү картасы аркылуу базалык станциялардын сигналдарынын деңгээлдерине байкоо салып, 2G, 3G жана ыкчам 4G каптоосу тууралуу маалымат алыңыз.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: