Орусияда катуу шамалдын чыгымдары саналууда
Орусиянын Европа бөлүгүндө катталган катуу шамалдын чыгымдары такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта жаратылыш кырсыгынан 180 имараттын чатыры бузулган. Кырсыктан 2 миңге жакын унаа жабыркаган, 6500дөн ашуун дарак кулап, 130дан ашуун поезд каттамы кармалган. Анын ичинен 23 поезд жүргүнчүлөрдү алыскы аралыктагы дарегине жеткирүүчү каттамдар болгон.
Шамалдан улам 300 калктуу конуштарда 44 миң адам жарыксыз калган. Акыркы маалыматтарга караганда, медициналык жардамга муктаж болгон 168 адам кайрылып, 146 адам бейтапканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
altynka95
30.05.2017. 21:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Двордун алдындагы дарактарды тамыры мн сууруп кетти го, башкача шамал болду, кудай сактасын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















