super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жолду асфальттоонун жаңы технологиясы менен таанышты

 

Бүгүн, 30-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүнүн жолун асфальттоо иштерин барып көрдү. Өкмөт башчыны транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, калаа башчысы Албек Ибраимов коштоп жүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Шагыл-полимер кошулмасы менен мастич асфальт бетондоо технологиясы Германияда 1984-жылдан бери улуттук стандарт катары киргизилген. Бул технология менен курулган жолдор аба ырайынын ысык-суугуна туруштук берет. Биз келечекте бул технологияны өлкөнүн бардык жолдоруна колдонууну пландаштырып жатабыз", - деди Жамшитбек Калилов.

"Республикалык бюджеттен жана донорлордон жолдорду калыбына келтирип, куруу үчүн жетиштүү каражаттар тартылганын жана бөлүнгөнүн эске алуу менен, Транспорт жана жолдор министрлиги курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө менен аны сактоо боюнча чараларды күчөтүүсү керек", - деди Жээнбеков.

Айта кетсек, 29-30-майда Бишкек шаарында "Кыргыз өлкөсүнүн жолдорунда жаңы технологияларды киргизүү" боюнча илимий практикалык конференция өткөн. Ага КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөттөр аралык Жолчулар кеңешинин өкүлдөрү, чет өлкөлүк компаниялар катышкан. Полимер-мастик-шагыл кошулган асфальт бетондоо аралашмасын көргөзүү технологиясы аталган конференциянын алкагындагы практикалык иш-чаралардын бири болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
30.05.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай жанылыктар коп болсун! ! !
30.05.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мына Атамбаев иштебейт деп эле атасынар. Ичип жегенин биринин устунон бирин камап атат(депутат министр экенине карабай). Кайда барсан жолдор ондолуп атат. Мурунку президенттердин убагында жол ондогонун уккан эмес экенбиз кормок тургай. Мамлекеттик кызматкер же депутат камалды беле ичип жеп ийипсин деп.
31.05.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Best.bakyt,туура айтасыз мекендеш мен кошулам сизге.өзүң таза болсоң коом да таза болот.акчага же майрамдарга алданбай шайлоолордо.
31.05.2017. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдор ондолгон мынданда сонун ондолгон эле,эми кетеринде эл козуно корунуштун кажети жок.Сооронбай келет деп суу толгон колчуко чакыч куйуп жамаган окмотту мактап жатасынарбы же элдерди унтту дейсинерби?
31.05.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны технология деп алдап акча алмай да, кайдагы жанылык 1984-жылкы технология экен.Кеп ысык-суукта эмес машиналардын салмагында болуп жатат. Ушундан коро Ховолорду азайтсанар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: