Элчилик Кыргыз жарандарына Орусиянын айрым шаарларына 1-июндан 12-июлга чейин келбей турууну сунуштоодо (тизме)
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилиги Кыргыз жарандарына 2017-жылдын 1-июнунан тартып 12-июлуна чейин Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармоолордун алдын алуу үчүн аталган шаарларга келбей турууну сунуштады.
Маалыматка ылайык, аталган мезгилде Орусияда ФИФА конфедерациясынын Кубогунун өткөрүлүшүндө Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Буга байланыштуу Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Элчилик тарабынан аталган шаарларда “күнү-түнү иштөөчү линиялар” уюштурулат:
- Москва (КРнын элчилиги: +7 (925) 864-49-60, +7 (925) 864-51-25, КРнын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү: +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10), КРнын ИИМнин өкүлчүлүгү: +7 (929) 657-19-97;
- Санкт-Петербург (КРнын элчилигинин кеңсеси: +7 (900) 634-90-95);
- Казань (КРнын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү: +7 965 594 60 23);
- Сочи (КРнын Краснодар крайындагы Ардактуу консулдугу: +7 (988) 245-43-02).
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Базардан чыкпагандарды шакылдатып эле
Депортации кыла баштад
Бир кундун ичинде Регистрация жасатышынар керек Бир ай дем журуп албагыла келдинерби шак тапшырып тааныш
Билиштерге айтып койгула и тапшырарда сурагыла точно жасап бересинби деп азыртан эле продление бергендердин кобуу отмена болуп Кайра келип атат жасайалышпай