super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 31-МАЙ: Мындан 15 жыл мурун эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны жарык көргөн

 

31-май - Кыргыз өлкөсүндөгү эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны жарык көргөн күн. Гезит ал кезде сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурган. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошкон. Гезит түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун бере баштаган. Ошентип Кыргыз мамлекетиндеги номур биринчи гезит аталган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кыргыз Республикасынын аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен "Супер-Инфо" гезити 2013-жылдын алдынкы 25 гезитинин 1-катарына чыккан. Өлкөнүн көпчүлүк гезиттери басылып чыгуучу "Учкун", "Массалык маалымат каражаттарды колдоо борбору" жана "Рубикон" басмаканаларынын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун басылмалар нускасы боюнча изилденип чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Супер-Инфо" гезитинин өлкөнүн кыргыз тилдүү жана көңүл ачуучу гезиттеринин арасында да биринчи орунду ээлегенин белгилеген. Ошондой эле 2013-жылдын аягында "Супер-Инфо" гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.
Маалымат үчүн:
  • Гезит жарык көрүп, популярдуулук топтогондон кийин, 2005-жылдан тарта Кыргыз шоу чөйрөсүндөгү жана маданиятындагы инсандардын башын бириктирип, арасынан жыл мыктыларын тандап концерт өткөрө баштаган.
  • 2006-жылы гезиттин расмий сайты www.super.kg ишке кирген. Учурда SUPER.KG порталы өлкөбүздөгү сайттардын алдынкы үчилтигинде.
  • 2007-жылы гезит "Супер сулуу" сынагын негиздеп, өткөрө баштаган. Сынактын башка көптөгөн сынактардан айырмасы – анын стабилдүүлүгүндө, анын адилеттүүлүгүндө, убадалар сөзсүз аткарылып келе жатканында.
  • 2007-жылдан тарта гезит "Улуттук гезит" сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамына татыктуу болуп, "Гезиттик Оскарды" ошончо жылдан бери татыктуу багынтып келе жатат.
  • 2008-жылдан баштап гезиттин жарык көргөн күнүнө карата май айынын аягында "Супер футбол" оюндары старт алган.
  • 2009-жылдан тарта гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов жыл сайын бирден кызматкерге автоунаа тартуулоо саамалыгын баштаган.
  • 2014-жылы "Супер-Инфо" гезити аптасына 100 000 тираждык өз рекордун өзү жаңылаган. Рекорд – 122 000 нуска!

31-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.05.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул 100 мин нуска бир жылдагы да э?
31.05.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akil.91, жума сайын 100 мин нуска менен чыгат...
31.05.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladkaja_konfetka,рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: