Бишкектеги урап калуу коркунучунда турган көп кабаттуу үй дале оңдоло элек (фото)
















Бишкектин Ленин районуна караштуу Фучик көчөсүндөгү №20-дарегинде жайгашкан беш кабаттуу турак жайдын бир тарабынын дубалдары урап түшүүдө. Буга чейин окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлашкан эле. Андан бери дээрлик төрт ай өтсө дагы абал өзгөргөн жок. Бул тууралуу үйдүн жашоочусу Жаңыл Курманбекова билдирди.
“Бул үй мурда Фрунзе заводунун жатаканасы болчу. Мен 1978-жылдан бери ушул үйдө жашайм. Үйдүн бир тарабынын урап баштаганына 5-6 жылдан ашып калды. Жергиликтүү бийликтегилерге кайрылсак "бул турак жай силердин менчик үйүңөр, өзүңөр оңдошуңар керек" деген. Качан жыгылып калат экен деп эле кооптонуп жашап жатабыз. Өткөн жылы үйдүн көпчүлүгүн кене каптап кетиптир. Бул боюнча мэрияга кайрылсак жыйынтык болбогондуктан, өзүбүз дары чачып тазалап чыкканбыз”, - деди үйдүн жашоочусу.
Ал эми турак үйдүн башчысы Саамай Садыкованын айтымында, Иса Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турганда жашоочулар менен жолугушуу учурунда үйдү оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүлөрүн билдирген.
“Документтерибизде үй 1970-жылдары салынган деп жазылып турат. Беш кабат үйдө жалпы 117 батир жайгашкан. Көбүнчөсү жашоочулар батирлерди ижарага алып жашагандыктан жашоочулардын так саны жок. Бийликтегилерге айта берип биз тажаганбыз. Ош базарынын айланасын кеңейтип Киев көчөсүн Фучик аркылуу чыгарган жаңы жол салганда, жашоочулар каршы болгонбуз. Себеби үйдүн коркунуч жаралган тарабынан көп унаалар өтсө, ансыз да урап калуу коркунучунда турган дубалдарга залакасы тиймек. Ошол кездеги шаар мэри Иса Өмүркулов жашоочулар менен жолугуп, оңдоого каражат беребиз деп кеткен. Ошол бойдон дайын жок”, - деди Садыкова.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн бир капталы урап түшүүдө












1 |