super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Кыргыз жергесинде ар бир экинчи эркек тамеки чегет"

 

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө чоңдор арасында ар бир экинчи эркек киши тамеки чегет. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүнө арналган маалымат жыйынында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Ярно Хабихт статистикага таянып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн калкынын төрттөн биринен көбү тамекиден көз каранды. "Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргыз жергесинде аялдар аз чегет. Бирок өлкөдө чылым тарткан жаш селкилердин саны өсүүдө. 2040-жылга чейин бардык мамлекеттер тамеки чегүүгө тыюу салууну көздөшүүдө. Биз байкагандай, өлкөлөр байыган сайын чылым тарткан аялдардын саны да өсүп жатат. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүндө тамеки маселесин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл", - деди Хабихт.

Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасында тамекинин баасы арзан болгону үчүн жеткиликтүү экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу Хабихт тамекинин чекене баасын көтөрүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: