super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сокулукта 50 жылдан бери пайдаланып келген таштанды таштоочу жайды чиновниктер жаба албай жатышат (фото)

 

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Крупская айыл аймагындагы 6 гектар жерди ээлеген таштанды таштоочу жайды жабуу мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда SUPER.KG порталына Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Сокулук району боюнча улук инспектору Шырдакбек Жусупбеков билдирди.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Сокулук району боюнча улук инспектору Шырдакбек Жусупбеков

"Жыл сайын райондук коммуналдык чарбанын жетекчилигине 15 миң сомдон айып салып жатабыз. Бирок бул кызмат эчак эле таштанды таштоочу жайды жабыш керек эле. Бирок алар ишти аткарбай жатат", - деди Жусупбеков.

Крупская айыл аймагында жайгашкан таштанды жайы 50 жылдан бери пайдаланылып келгени айтылууда. Көйгөйдү чечүүдө райондун жетекчилиги, таштанды таштаган 4 айыл өкмөтүнүн башчылары кайдыгер мамиле жасап келет.

Сокулук районунун Коммуналдык чарба кызматынын башчысы Орунбай Омоконов

"Бул жерге 4 айыл аймактын эли бир күндө 15-20 тонна таштанды ташташат. Буга чейин иштеп келген акимдерге бир нече жолу башка жер таап бергиле деп кайрылганбыз. Райондун жетекчилиги маселени чечебиз деп жубатып тим болушат. 3 жылдан бери салынган айыпты чөнтөгүмдөн төлөп жатам", - деп билдирди Сокулук районунун Коммуналдык чарба кызматынын башчысы Боронбай Момоконов.

Крупская айылынын тургуну Алманбет Молдалиев

Таштанды таштоочу жай эл жашаган аймакка 200 метр жакын жайгашкан. Жергиликтүү жашоочулар ар кандай оору жугуп калуудан кооптонуп жатканын айтууда.

"Бул жайды көчүрүү боюнча кайрылбаган жер калган жок. Күн ысыган сайын жагымсыз жыт чыгып, дем алууга мүмкүн болбой калат. Балдарыбыздын келечегинен кооптонобуз. Чымын, чиркей деген толтура", - деп нааразычылыгын билдирди айыл тургуну Алманбет Молдалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
31.05.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо. Мигрантардын айдоочулук күбөлүгү тууралу билип бериңиздерчи сураныч. Эртеңден баштап улуттук күбөлүк менен айда сайте болобу же болбой будет?
31.05.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nusu, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/189909/
1-июндан баштап Орусиядагы Кыргыз жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен жүрө алышпайт
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-31 16:11:29
31.05.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rios.07, провокация жол берилбейт. Эскертүү!
31.05.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супердин жамааты Сокулук районунун Тынчтык конушундагы таштандыдан да келип коруп кабар алсаныздар жакшы болот эле.Крупская деген каяк жагында Сокулуктун.Мен билгенден Крупская деген кочоо эле бар экен тактап берип койгулачы
01.06.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul3ina, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: