super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Экотехинспекция: “Түштүк магистралдын жолундагы айрым дарактарды кыюуну сунуштаганбыз"

 

“Түштүк магистралдын жолундагы авариялык абалга келген дарактарды кыюуну сунуштаганбыз”, - деп бүгүн, 31-майда парламентте экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын орун басары Расул Артыкбаев билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева түштүк магистралда миңге жакын дарактардын кыйылышына каршы жарандар митингге чыгышканын айтты. Ошондой эле шамал болгондо дарактар автоунааларды басып калганын билдирип, бул боюнча инспекция кандай иш алып барып жатканын сурады.

Расул Артыкбаев Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте иш алып барып жаткандарын белгиледи. “Шамалдан 13-14 дарак кулаган. Көк теректер 30 жыл өтсө дагы сырты жакшы көрүнүп тура берет. Ушундай дарактарды алып салуу сунушталган. Митингге чыккандардын негизги өкүлдөрү бизге келген. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Абалы начар дарактарды кыйып салууну сунуштап жатабыз”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.05.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп жутарлар ал жерлерди да сатып ийишкен жокбу? эмне учун андай болсо кышында кыркып жазында ордуна жаны кочотторду отургузбай эми бурдоп калган дарактарды кырктырып атышат, эмнеге шаар ичиндеги жол жээгиндеги коопту деге бактарды карап кырктырышпайт? себеби ал жерде сата турган жер жок, ушу силер тойбос болдунар го негизгиси ал жерлерди да сатып ийбесенерле болду, ансыз деле ата-турк паркынын биртоп аянтын сатып буттунор, калганына тийбегиле эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: