Депутат “Баатыр эне” наамын алчу энелерге соттолгон балдарынын залакасы тийбеш керек экенин айтты
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова “Баатыр эне” наамына соттолгон балдарынын залакасы тийбеш керек экенин айтты.
“Бир дагы эне балам кылмышкер болсун деп тарбиялабайт. Бала бойго жеткенден кийин өзүнүн жолу менен кетет экен да. Ар кандай тагдыр болуп калат. Энеге кандай тиешеси бар? Соттолгонуна байланыштуу эч кандай маселе болбош керек. Баатыр энелерге балдарынын соттолгону залакасын тийгизбөөсү зарыл”, - деди ал.
Юстиция министри Уран Ахметов соттолгону жоюлгандан кийин наам бериле турганын айтты.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

