super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Үйдөгүлөр урушуп-тилдесе да сөгүнгөн адатымды калтыра албай койдум"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сөгүнчөөксүңбү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жолдошумдун эң жаман көргөн сапаты - кыздардын сөгүнүүсү. Кыз маалымда эч ким жокто сөгүнүп-сөгүнүп терс эмоцияларымды чыгарып алчумун. Бирок сүйгөнүң үчүн кандай гана курмандыкка барбайсың, андай "өзгөчөлүгүмдү" калтырдым.

"Негизи сөгүнбөйм деле, кээде ак ит кирип, көк ит чыгып кетет. Бир жолу инимди "ойготуп кой, эмне кылсаң да ойгот" деп коюп, ал ойготкондо уйкусурап аябай сөккөн экенмин. Эртеси эжем урушкан, ошондон кийин өзүмдү көзөмөлдөп калдым".

"Балит ооз" атыккан жаман экенин билем, бирок мен да тилимди көзөмөлдөй албайм. Өспүрүм куракта бир компаниянын таасиринен улам калган түбөлүк мурас болду. Жумушта өзүмдү тыйып жүрөм, бирок ачууланган учурда чыгып кетет. Бир сөзүмдү кесиптешим угуп калып, бети кызарып кеткен. Үйдө сөгүнөрүмдү жакшы билишет, урушушат-тилдешет, бирок баары бир".

"Мурда анча-мынча ачууга алдырып сөгүнүп коёт элем. Эмоцияны башкарууга аракет кылып жүрүп, аны менен сөгүнүү да жок. Кээде ушундай абалга алып барышат, тилиң буралып, жыга чапкың келип, ошондо жаман сөздөн бир-экөөнү айтып коём".

"Сөгүнбөйм. Урушуп калганда оозуңдан эч эле мындай сөз чыкпаса ыңгайсыз болот экен. Бир жолу айта коём деп тилим буула түшсө, карап тургандар күлүп жиберишкен, уят эле болгом".

"Шартка, чөйрөгө жараша сөгүнмөйдү болушунча унуткарууга тырышып келем. Бир жылдай мурун психологиялык китеп окуп калып, "ачууң келгенде, жылмай" дегенди сууруп чыгып, күнүмдүк жашоомо эреже кылып киргизип алгам. Албетте, парадокс, бирок жылмайып туруп жайламай жорукка аябай көнүп алдым. Учурдагы "голливуд күлкүмдүн" көбү ичинен ашатып сөгүп жатат дегенге барабар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.06.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимде ким коп согунсо аллахка коп коп зикир айтса согунгону калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: