super.kg logo
  Саясат  

Парламент президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоо боюнча мыйзамды 3-окууда жактырды

 

Бүгүн, 31-майда парламент президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоо боюнча мыйзамды 3-окууда жактырды.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунда саясий партиялар үчүн парламентке өтүү босоголук баллды 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу нормасы дагы каралган. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.

Мындан сырткары президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрынан 15-октябрга жылдырылат. Президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы күрөөсү 100 миң сомдон 1 миллион сомго жогорулайт. Талапкерлер кыргыз тили боюнча сынакты "Кыргызтесттин" системи боюнча тапшырышат. БШК шайлоого 60 күн калганда шайлоочулардын тизмеси тууралуу ММК аркылуу маалымат бериши керек. Дарактарды, адырларды үгүт материалдарды жайгаштыруу үчүн пайдаланууга болбойт.

Жалпы 115 депутат каттоодон өтүп, 106сы "макул", 9 эл өкүлү "каршы" добуш берди.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Дастан Бекешев (КСДП), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Мирлан Жээнчороев (“Республика - Ата Журт”), Үмбөталы Кыдыралиев (“Республика - Ата Журт”), Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”), Таалайгүл Исакунова (“Өнүгүү-Прогресс”), Мирлан Бакиров (“Өнүгүү-Прогресс”), Алтынбек Жунус уулу (“Өнүгүү-Прогресс”), Алмасбек Акматов (“Бир бол”) жана Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: