super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ленин райондук администрациясы: "Бишкектеги авариялык абалга жеткен турак үйдүн дубалын жашоочулар өздөрү оңдосун"

 

Бишкектин Фучик-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир тарабы урап түшүп жаткан турак жайдын дубалын оңдоо иштерине бюджеттен акча бөлүүгө мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына борбор калаанын Ленин районунун акиминин орун басары Аскат Карынбаев маалымдады.

Дубалдары кооптуу абалда турган көп кабаттуу үйдүн абалы бизге тааныш. Ошол үйдөгү жашоочулардын ынтымагы жоктугунан ушундай абал жаралган. Мындан 4 жыл мурун жашоочулар менен биргеликте комиссия түзүп, дубалды сыртынан шыбап чыгуу аракеттерди көргөнбүз. Ошол маалда оңдоо иштерине 150-200 миң сомдой керектелмек. Жашоочулар өздөрү акча чогултпай койгондуктан, оңдоо иштери жүргүзүлбөй калган. Эми 1 миллион сом жумшалышы мүмкүн. Себеби ураган, чириген кирпичтер көбөйүп кетти. Биринчи кезекте үйдүн ичиндеги даараткана менен жуунуучу суунун саркындысы аккан түтүкчөлөрдү оңдош керек. Суу ичинен агып дубалдын сыртына чыгып жатат. Бюджеттен каражат бөлдүрүп берели десек, ага мыйзам жол бербейт”, - деди акимдин орун басары.

Шаарды өнүктүрүү агенттиги аркылуу 50 пайыз грант алып, калган сумманы жашоочулар чогултса маселе чечилет. Бирок жашоочулардын 90 пайызы батирлерди ижарага алып жашагандар болгондуктан, алар акча чогултушпайт. Батир ээлери болсо өздөрү шаар четиндеги кымбат баалуу үйлөрдө жашашат. Бир-эки айлык ижарадан алган акчаларын жумшап койсо, үйдүн дубалы оңдолуп калмак”, - деп кошумчалады Карынбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Ленин районуна караштуу Фучик көчөсүндөгү беш кабаттуу №20-турак жайдын бир тарабынын дубалдары урап түшүп жаткандыгын үйдүн жашоочулары билдиришкен эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
31.05.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгып кеткиле да анда квартиранттар зачем баш оорутуп?
31.05.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй ээлери кайда квартплата алган!
31.05.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RusMos76, айтып атпайбы алар шаар четинде жашашат деп...
31.05.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Момбековдун ырындай Кайдыгерлик(((
31.05.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул уй кулап Адам омурун алса дагы компенсация талап кылышат окмот карабады эскертпеди деп. Ремонт кылгыла болбосо жашоого ылайык келбейт деп айдап чыгыш керек.
31.05.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан уйдун жарымы урап тушкондо анан жогорудагылар кыймылдап баштайт жалганды корпой эле айтып, ар демкени суйлошуп элдин башын айланып дагы акча чогултуп алышатда жардамга деп, бийликтегилер кырсыктарды эле кутуп тургандай сезилип калды кырсык болсо дароо элден акча чогултуп жарымын берип жарымын жесек деп....
31.05.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура эле айтат жеке менчик квартираны ар ким өзү оңдойт да.Кырг.ар эски үйдү мамлекет оңдоп берсе элдер кичине көчө баштаган үйлөрүн деле оңдотуп алат го.Мындан башка канча проблемалар бар.Көчкүдө калгандардын үйлөрүн оңдоп берсин биринчи .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: