super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков "Таза коом" долбоорун Түштүк Кореядан келген делегация менен талкуулады

 

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 31-майда Түштүк Кореянын жаңы технологиялар улуттук агенттигинин директору Енг Лок Юн баш болгон делегация менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттык маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Электрондук трансформацияга багытталган "Таза коом" долбоорун колдогону жана тажрыйба бөлүшкөнү үчүн Сапар Исаков чет элдик делегацияга ыраазычылык айтты. Президенттик Аппараттын жетекчиси жогоруда аталган долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

"Биз коррупциянын алдын ала турган, документтерди алуунун жолдорун жеңилдеткен, жарандар мамлекеттик кызматтарды алуусун оңойлоткон системди түзүүгө кызыкдарбыз", - деди Сапар Исаков.

Түштүк Кореянын жаңы технологиялар улуттук агенттигинин директору Енг Лок Юн "Таза коом" алардын өлкөсүндө бир канча жыл мурун ишке кирген "Креативдүү экономика" программасына окшош экендигин билдирди. Ошондой эле долбоордун философиясы Израиль, Түштүк Кореяны өнүктүрүү философиясына жакындыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: